Линктер

шейшемби, 19-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 04:32

Ош мэри шаардыктарды шайлоого активдүү катышууга үндөдү


Шаар күнүн майрамдоодо мекеме-ишканалар салтанаттуу жүрүшкө чыгышты.

Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев калаа тургундарын 15-октябрдагы президенттик шайлоого активдүү катышып берүүгө чакырды. Шаар күнү белгиленип жаткан салтанатта элди куттуктап жатып, алдыдагы саясий өнөктүктө Ош шаарынын тургундары биримдикти көрсөтүп бериши керектигин белгиледи:

- Бул жолку шайлоодо шаардыктар өзүнө мүнөздүү чечкиндүүлүгүн, ынтымагын көрсөтөт деген ишенич чоң. Буюрса, биз тандаган багыт жакын келечекте экономикасы өнүккөн, элинин маданияты, нарк-насили бийик, Орто Азия чөлкөмүндөү адам суктанган шаарга алып бара турган жол экенине күмөн саноого болбойт.

Ош шаарынын күнү, калаанын 3017 жылдык майрамы 5-октябрда белгиленди. Майрамдын алкагында "Ош Агро-II" айыл чарба техникаларынын көргөзмөсү, "Күз берекеси" түшүм жармаңкеси жана театралдык оюн-зоок, концерт уюштурулду. Андан тышкары И.Раззаков атындагы эс алуу багы ачылды.

Салтанатка Казакстан, Өзбекстан, Орусия, Түркия, Тажикстан жана Орусиядан расмий коноктор келишти. (SE)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG