Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:20

Ташкентте президенттер тар чөйрөдө жолугушууда


Президент Атамбаев Өзбекстанга мамлекеттик сапар менен барды. 5-октябрь, 2017-жыл
Президент Атамбаев Өзбекстанга мамлекеттик сапар менен барды. 5-октябрь, 2017-жыл

Ташкенттен кабарчыбыздын маалымдаганына караганда, ушул тапта Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев менен Өзбекстандын мамлекет башчысы Шавкат Мирзиёев тар чөйрөдө жолугуп жатышат. Маалыматтарга ылайык, анда эки тараптуу кызматташууну тереңдетүүнүн шарттары каралмак.

Эки тараптын 5-октябрда боло турган кеңейтилген жыйынында он беш документке кол коюлары күтүлүүдө. Алардын ичинде жол, чек ара, айыл чарба жана кайра иштетүү тармактарындагы кызматташуу боюнча келишим, макулдашуулар бар.

Кыргызстан менен Өзбекстандын алакасы былтыр сентябрда Шавкат Мирзиёев Өзбекстандын мамлекет башына келгенден кийин оңоло баштаган.

5-сентябрда Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Бишкекке мамлекеттик сапар менен келип, кыргыз президенти Алмазбек Атамбаев менен кыргыз-өзбек чек арасы боюнча өткөөл келишимге кол коюшкан. Анда Кыргызстан менен Өзбекстандын 1378 чакырым чек арасынын 1170и же 85 пайызы такталган. Калган 208 чакырым же 15 пайызы жыл соңуна чейин макулдашылары айтылган. (KJ/ZKo)

XS
SM
MD
LG