Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:03

"Ата Мекен" партиясы президент Атамбаевге кайрылуу жасады


"Ата мекен" социалисттик партиясынын атынан жазылган кайрылууда президент Алмазбек Атамбаевдин үй-бүлөлүк-кландык мамлекеттик башкарууга каршы күрөшкөн бир кездеги тарапташтары мыйзамсыз камалды деп айтылат. Ошондой эле Президент адамдардын укугун коргоого, коррупцияны жок кылууга, парламенттик демократияны курууга жана сот бийлигинин көз карандысыздыгына жетишүүгө кыргыз элинин алдында берген антын бузду, бийликке келгенден кийин өзүнө көз каранды маалымат каражаттары аркылуу мурдагы тарапташтарын келекелөөгө киришти деп сынга алынган.

"Ата Мекен" партиясы мародерчулук, «Белизгейт», “Мегаком” өңдүү иштерди президенттин бийлигин сактап калуу максатында ойлоп табылган жалган сценарийлер, "жаңы пьеса" деп эсептеп, "дээрлик 30 жыл бою өз өлкөсүнө кызмат кылган Текебаевди эмне үчүн камашты?" деген суроо койгон.

"Биз 2012-2017-жылдардагы президент кандай болгонун кийинки муун билсин деген ойдо ушул кезектеги билдирүүнү жасап жатабыз. Ушул мезгилде канча тагдырларга балта чаап, канчалаган күнөөсүз адамдардын убактысын бекерге коротконуңузду, канчалаган адамдардын көңүлүн оорутканыӊызды Сиздин урпактарыӊыз билишсин! " деп айтылат кайрылууда.

Президент Алмазбек Атамбаев мүчө болгон Убактылуу өкмөт мамлекетти Курманбек Бакиевдин бийлиги кулаган соң 2010-жылы 7-апрелинен тарта башкарып калышкан. Атамбаев Убактылуу өкмөттүн төрайымы жана өткөөл президент Роза Отунбаевадан кийин 2011-жылы 1-декабрда президенттик кызматка киришкен.

Мурдагы саясий өнөктөштөрдүн мамилеси 2016-жылы Кыргызстанда Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум өткөндөн кийин начарлап кеткен.

Алмазбек Атамбаев акыркы алты жылда Кыргызстандын социалдык-экономикалык абалы жакшырып, коррупцияга каршы катаал күрөш жүрүп, өлкө өнүгүү жолуна түшкөнүн, пенсия-пособия, айлык акы көтөрүлүп, өлкөнүн тарыхында алгачкы жолу быйыл мамлекет башчысы тынч жол менен алмашарын байма-бай белгилеп келет.

Бишкек шаардык соту 2-октябрда "Ата Мекен" партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаевди жана мурдагы министр Дүйшөнкул Чотоновду сегиз жылдан күчөтүлгөн тартипте абакка кескен жана үй-мүлктөрү мамлекетке чегерилсин деген Биринчи Май райондук сотунун өкүмүн күчүндө калтырган.

Текебаев жана Чотоновго орусиялык жарандан бир миллион доллар пара алган деген айып тагылды. Кылмыш ишти Башкы прокуратура козгоп, Улуттук коопсуздук комитети тергеген. Айыпталуучулар муну оппозициялык ишмердүүлүгү үчүн саясий куугунтук деп эсептешет. (ZKo)

XS
SM
MD
LG