Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:49

Жээнбеков: Орус тилин өнүктүрөбүз жана бекемдейбиз


Бул тууралуу президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбеков үгүт иштери менен Каракол шаарында эл менен жолугуп жатып айтты:

- Орус тили бизде расмий тил болуп келатат жана ошол бойдон кала берет. Ал биздин мыйзамда бекитилген. Орус тили достуктун тили, баарлашуунун тили, билим алууга ачылган терезе. Биз орус тилди өнүктүрөбүз жана бекемдейбиз, - деди Жээнбеков.

Талапкер учурда Ысык-Көл аймагында үгүт иштерин жүргүзүп, бүгүн Түп, Ак-Суу райондорун жана Каракол шаарын кыдырды.(AsM)

XS
SM
MD
LG