Линктер

дүйшөмбү, 23-октябрь, 2017 Бишкек убактысы 16:17

ЕБ Кыргызстандагы шайлоого коомдук көзөмөлдү күчөтүү долбоорун каржылоодо


Европа Биримдиги Кыргызстандагы шайлоо жараяндарына коомдук көзөмөлдү күчөтүү долбоорун каржылоодо. Анын бет ачары бүгүн Бишкекте өттү.

Беш бейөкмөт уюм ишке ашырып жаткан долбоор быйыл мартта башталган, аны каржылоого Европа Биримдиги бир миллион евро бөлгөн.

“Демократия жана жарандык коом үчүн коалициясынын” 60 байкоочусу бир айдан бери иштеп жатат, добуш берүү күнү дагы 1000 байкоочусу добушканаларда иштейт. Уюмдун атынан бүгүнкү күнгө карата Борбордук шайлоо комиссиясына он кайрылуу жөнөтүлдү.

Долбоордун алкагында жалпы шайлоого даярдык, үгүт иштеринин жүрүшү, арыз-даттануулар менен катар талапкерлердин убадалары да көзөмөлгө алынып жатат.

Кайсы саясатчы кандай убада берген, алары аткарылдыбы-жокпу, көзөмөлдөп жаткан politmer.kg сайтынын жетекчиси Наргиза Нанакееванын айтымында, дал ушундай коомдук көзөмөл саясатчыларды элге шайлоо алдында убада берүүдө этият болууга үйрөтүүдө.

Жогоруда аталган эки уюмдан тышкары Евробиримдиктин бул долбооруна шайлоочулар менен иш алып барып жаткан “Адилет” укуктук клиникасы, гендердик талаптардын сакталышына көз салган Социалдык технологиялар агенттиги жана журналисттердин ишин көзөмөлдөп жаткан Медиа өнүктүрүү борбору катышууда. Долбоор 2019-жылы жыйынтыкталат.

15-октябрда Кыргызстанда президенттик шайлоо өтөт. 12 талапкер ат салышууда.

Европа Биримдигине 28 мамлекет мүчө. Кыргызстандын бул уюм менен кызматташтыгы расмий түрдө 1999-жылы башталган. Ал негизинен демократиялык институттарды бекемдөө, экономика жана экология багытындагы долбоорлорду каржылап келатат. (RK)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG