Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:38

Ташкентте кыргыз-өзбек кызматташтыгы боюнча 12 макулдашууга кол коюлду


Алмазбек Атамбаев жана Шавкат Мирзиёев. 5-октябрь, 2017-жыл.
Алмазбек Атамбаев жана Шавкат Мирзиёев. 5-октябрь, 2017-жыл.

Президент Алмазбек Атамбаевдин Ташкентке болгон сапарынын жүрүшүндө Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы ар кайсы тармакта кызматташтык боюнча он эки келишимге кол коюлду. "Азаттык" радиосунун кабарчысы билдиргендей, мындан тышкары тараптар өз ара ишенимди бекемдөө, коңшулук мамилени, эл достугун чыңдоо багытындагы декларацияга кол коюшту.

Шавкат Мирзиёев эки өлкө эли коңшулук ымаланын жакшырышын 25 жылдан бери күтүп келгенин билдирди. Эки мамлекеттин тарыхый жактан калыптанып калган мамилеси соңку жылдары салкындап кеткенин, аны кайра калыбына келтирүүдө аталган декларациянын мааниси чоң экенин белгиледи.

Алмазбек Атамбаев бул документ Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы чек ара көйгөйүн чечүүгө көмөктөшүп, анын достуктун чек арасына айландыра турган мааниси бардыгын айтты. Андан кийин президенттер брифинг өткөрүшүп, анын жүрүшүндө чек араларды тактоо келишими боюнча грамоталарды алмашты.

Алмазбек Атамбаев Өзбекстанга мамлекеттик сапар менен бүгүн барды. Ал Бишкекке 6-октябрда түштөн кийин кайтып келет. (NT/KJ)

XS
SM
MD
LG