Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:07

Навальныйдын шайлоо штабынын жетекчилери жазаланууда


Алексей Навальный учурда камакта
Алексей Навальный учурда камакта

Орусиялык оппозициячы Алексей Навальныйдын шайлоо штабынын башчысы Леонид Волков камактан чыккандан бир нече сааттан кийин кайра кармалды. Бул тууралуу анын адвокаты Иван Жданов Твиттерге жазды.

Ал 29-сентябрда "макулдашылбаган коомдук иш-чарага" элди чакырышканы үчүн 20 күнгө камакка алынып, 5-октябрда кое берилген болчу. Кайра кармоо себептери азырынча белгисиз.

Мындан тышкары Навальныйдын штабынын Ростов-на-Дону шаарындагы координатору Анастасия Дейнека кармалды. Ал эми Санкт-Петербургдагы штабынын башчысы Полина Костылевага сот 20 миң рубль айып салды.

Активисттер кармоолор Навальныйдын 7-октябрда бүткүл орусиялык каршылык акцияларга чакыруусу себеп дешет. Оппозициячыл саясатчынын өзү мына ушул күнгө, макулдашылбаган митингдерге элди чакырды деген негизде 20 күнгө камалган.

Кремлдин ачык сынчысы Алексей Навальный эмки жылы жаздагы президенттик шайлоого катышарын билдирген.

XS
SM
MD
LG