Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:57

Пакистанда жардыруудан 12 адам мерт болду


Жардыруу болгон жер
Жардыруу болгон жер

Пакистандын түштүк-батышында жанкечтинин жардыруусунан кеминде 12 киши мүрт кетип, ондогон адамдар жаракат алышты. Жергиликтүү бийликтин кабарлашынча, калаба 5-октябрда, Жал Магси районундагы шииттердин мечитинде болгон.

Жардыруу болгон учурда Дарга Фатехпур мечитинде көптөгөн адамдар бар эле.

Азырынча чабуулга эч бир террордук топ жоопкерчилик ала элек. Бирок буга чейин мындай жардыруулар пакистандык талиптер жана "Ислам мамлекети" террордук тобу тарабынан уюштурулуп келген болчу.

Окуя болгон Пакистандын Белужистан аймагы табигый ресурстарга бай. Өлкөнүн Ооганстан жана Иран менен чектешкен бул провинциясында кагылыштардан 2004-жылдан бери миңдеген адамдар өмүрү менен кош айтышты.

XS
SM
MD
LG