Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:32

Өзбекстанда “Манас” эпосунун өзбекче котормосу жарык көрдү


"Манас" эпосу.
"Манас" эпосу.

Өзбекстанда “Манас” эпосунун өзбек тилиндеги котормосу жарык көрдү.

Бул тууралуу президент Алмазбек Атамбаевдин Өзбекстанга сапары учурунда белгилүү болду.

5-октябрда Ташкентте Алмазбек Атамбаевге өзбек лидери Шавкат Мирзиёев “Манастын” өзбекче котормосунун биринчи нускасын белекке берди.

Мирзиёев “Манас” эпосу өз өлкөсүндө белгилүү экенин жана бир гана кыргыздардын эмес, жалпы түрк элдеринин сейрек кездешүүчү эстелиги экенин белгиледи.

Өзбек тилине “Манас” эпосунун жазуучу Бексултан Жакиев жазган кыскартылган варианты которулган. (NT)

XS
SM
MD
LG