Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:35

Бишкекте көмөкчордондо чыккан өрттөн бир катар райондор жарыксыз калды


Иллюстрация.
Иллюстрация.

"Улуттук электр түйүндөрү" ачык акционердик коому билдиргендей, Бишкектин "Айни" көчөсүндөгү көмөкчордондогу өрттүн кесепеттерин жоюу, калыбына келтирүү иштери уланууда.

5-октябрда кечке маал саат 17:44 чамасында аталган көмөкчордондун жабдыгы күйүп, натыйжада өрт чыккан. Андан башкалаанын Ынтымак, Арча-Бешик, Жал кичи райондору, Орок айылынын жогорку бөлүгү, Жунусалиев, Айни, Островский, Сухомлинов, Жаманбаев, Бакаев жана башка көчөлөрдүн жашоочулары электр жарыгысыз калган. Азыр электр жарыгы бериле элек.

"Улуттук электр түйүндөрү" ачык акционердик коому ​энергетиктер түнү бою иштегенин, ушул тапта электр жарыгын калыбына келтирүү иштери аяктап калганын билдирди. Маалыматка караганда, көмөкчордондун жарактан чыккан жабдыгын толук алмаштырууга убакыт керек. (NT)

XS
SM
MD
LG