Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:23

Өзбек журналисти төңкөрүш уюштурууга аракеттенген деп айыпталууда


Бобомурод Абдуллаев.
Бобомурод Абдуллаев.

Өзбекстандын укук коргоо органдары журналист Бобомурод Абдуллаевди Усман Хакназаров деген жашыруун ат менен интернетте макалаларды жарыялоо менен бийликти тартып алууну пландаган деп айыптап жатат.

44 жаштагы көз карандысыз журналист Бобомурод Абдуллаев мындай шек менен козголгон кылмыш иштин алкагында 27-сентябрда кармалган. 1-октябрда сот аны он күнгө камакка алган.

Соттун чечиминде Абдуллаев “Өзбекстан улуттук кыймылынын” жетекчиси Мухаммад Салихтин көрсөтмөсү менен 2011-жылдан бери өлкөдөгү бийликти кулатууга багытталган макалаларды жайылтып келген деп айтылат.

Тергөө мамлекеттик жетекчилердин коопсуздугуна жоопкер Равшанбек Салаев менен Шавкатжон Оллоёров Абдуллаевге негизги маалыматтарды берип турган, алардын жардамы менен журналист конституциялык түзүлүштү кулата турган “Жатва” программасын иштеп чыккан деп эсептейт. Ошондой эле “Жатва” программасынын катышуучулары Өзбекстандын төрт ири шаарында – Ташкент, Фергана, Навои жана Үргөнчтө мамлекеттик төңкөрүш уюштурууга даярдык көрүшкөн деп маалымдады.

3-октябрда Стамбулдагы маалымат жыйында “Өзбекстан улуттук кыймылы" оппозициялык уюмунун жетекчиси Мухаммад Салих акыркы 14 жылда Бобомурод Абдуллаев мурдагы президент Ислам Каримовдун бийлигинин жана Өзбекстандын атайын кызматтарынын мыйзамсыз иштерин ашкерелеген макалаларды жазып келгенин жарыялады.

XS
SM
MD
LG