Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:35

Бабановдун Оштогу жолугушуусу үзгүлтүккө учурайт деген сөз чагым


Мындай маалыматты президенттикке талапкер Өмүрбек Бабановдун Оштогу штабы таратты. Штабдын мүчөсү Абдылдабек Осмоновдун "Азаттык" радиосуна билдиришинче, 7-октябрда Ошто Өмүрбек Бабановдун шайлоочулар менен жолугушуусу үзгүлтүккө учурайт, ал үчүн чымыр денелүү жигиттер менен ОБОНдор даярдалып жатат деген маалыматтар социалдык тармактар аркылуу тарап жатат:

- 7-октябрда биздин талапкерибиз Ош жана Кара-Суу шаарларында эл менен жолугат. Бирок бүгүн таңдан баштап WhatsApp, фейсбук жана башка соцтармактардан жогоркудай маанидеги билдирүүлөр таратылып жатат. Мунун баары чагым, жолугушуу болот. Коомдук тартипке милиция көзөмөл кылат. Биз милицияга кайрылдык.

Ош облустук милициясынын басма сөз кызматы милиция коомдук кырдаалга көз салып тургандыгын, эгер кандайдыр бир чагым аракеттери болсо, ага мыйзам чегинде катуу чара көрүлөрүн "Азаттыкка" маалымдады.

28-сентябрда Өмүрбек Бабановдун Оштун Амир-Темир (Он-Адыр) кичи районунун тургундары менен жолугушуусунда айткандары кыргыз-өзбек элдеринин ортосунда улут аралык чыңалууну пайда кылышы ыктымал деген түрдүү видеолор, комментарийлер интернетте тараган. Ошто, Өзгөндө жана Жалал-Абадда өзбек-кыргыз элинин өкүлдөрү Бабановго каршы тынчтык митингдерин өткөрүп, от менен ойнобосун талап кылышкан.

Өмүрбек Бабановдун штабы интернетке талапкерди каралоо максатында атайын монтаждалган видеотасма таратылганын айтып чыккан.(YI/ZKo)

XS
SM
MD
LG