Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:46

БУУ: Былтыр согуш аймактарында миңдеген балдар өлдү


Кабулдагы качкындар лагериндеги ооган балдары
Кабулдагы качкындар лагериндеги ооган балдары

Өткөн жылы дүйнөдө согуш кесепетинен 8 миңден ашуун бала өлгөн, же жаракат алышкан. Бул тууралуу Бириккен Улуттар Уюмунун "Балдар жана куралдуу жаңжалдар" аттуу 5-октябрда жарыяланган баяндамасында айтылат.

Карапайым эл арасындагы жоготуулар документтештириле баштаган 2009-жылдан бери эң көп балдардын өлүмү Ооганстанда катталган.

2016-жылы Ооганстанда 3,5 миңден ашуун бала бейажал өлгөн же майыпка айланган. Ал эми Сирияда 1300, Йеменде 1 340 бала өмүрүнөн айрылып, же жаракат алышкан.

Баяндамада жүздөгөн балдар сексуалдык зомбулук көргөнү, мектептерге чабуулдар учурунда жабыркаганы же согуш аракеттерине тартылганы камтылат.

Мындан тышкары балдар укуктарынын бузулушуна жоопкер уюм-топтордун кара тизмеси да бар. Алар Ооганстан, Борбордук Африка Республикасы, Конго демократиялык республикасы, Ирак, Мали, Мьянма, Сомали, Судан, Түштүк Судан, Сирия жана Йемендеги топтор.

XS
SM
MD
LG