Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:08

Президенттик шайлоого даярдык тууралуу маалымат берилди


Бүгүнкү күнгө карата 3 миллиондон ашуун шайлоо бюллетени даярдалып, аймактарга жиберилди. Ушул тапта участкалык шайлоо комиссияларында техникалык жабдууларды тестирлөө жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу 6-октябрда БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.

Ал эми Мамлекеттик каттоо кызматынын башчысы Дастан Догоев 16-августтан 29-сентябрга чейин №2 үлгүдөгү форма менен добуш берүүгө 316064, ал эми №3 форма менен добуш берүүгө 28397 шайлоочудан арыз түшкөнүн маалымдады.

Маалымат жыйынында бекемделгендей, 2015-жылы иштелип чыккан маалыматтык шайлоо системасы 2016-жылкы референдумда жана быйыл болуп өткөн жергиликтүү кеңештерди шайлоодо сыналган. Эл аралык компаниянын сертификатына ээ, ошондуктан, аталган системанын иши үзгүлтүккө учуроосу жөнүндө күмөн саноо жаралбашы керек деп айтылды.

Ошондой эле бүгүнкү жыйында автоматтык саноо үкөгүнүн иши көрсөтүлдү. Ага ылайык, автоматтык саноо үкөгү шайлоо бюллетендерин кабыл алып, санагандан кийин, шайлоо күнү саат 20:00дон кийин маалыматтарды Борбордук шайлоо комиссиясынын серверине жиберет. Ал эми БШКнын серверинде автоматтык үкөктөрдүн маалыматтары чогултулуп, сакталат да, Боршайкомдун расмий порталына жарыяланат.

6-октябрда Борбордук шайлоо комиссиясы Мамлекеттик каттоо кызматы менен бирдикте президенттик шайлоого даярдык боюнча коомчулукка маалымат берди. Жыйынга Кыргызстандагы чет өлкөлөрдүн элчилери, эл аралык уюмдардын жана жарандык коомдун өкүлдөрү катышты.

XS
SM
MD
LG