Линктер

дүйшөмбү, 11-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 06:31

Гугл компаниясы Pixel Buds аттуу зымсыз жаңы кулакчындын бет ачарын өткөрдү. Ал жолду көрсөтүп, сизге керек маалыматты интернеттен таап берет.

Атургай аны тагып алып тили буруу башка адам менен сүйлөшө аласыз. Ал дароо которо берет. Тагыраагы, кулакчын үн жардамчысы Google Assistant аркылуу Pixel смартфонуна жалгаштырылат. Жардамчы чет тилин кабыл алып, котормосун кулакчынга шыбырап турат. Жообуңузду да кайра смартфон аркылуу котортуп алсаңыз болот. Гугл кызматкерлери муну көрсөтүү үчүн диалог жүргүзүштү. Бири англисче сүйлөсө, экинчиси швед тилинде жооп берип жатты.

Аппарат 40 тилге которо алат. Тилекке каршы, азырынча орусча же кыргызчага тилмечтик кыла албайт.

Мындан тышкары жаңы кулакчын аркылуу музыка тандаса, үнүн азайтып көбөйтсө, смартфонду колдонбостон чалууларды ишке ашырса болот экен. АКШда ноябрда сатыкка чыгарылары, баасы 159 доллардан башталары айтылды.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG