Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:46

Нобелдин тынчтык сыйлыгы ээсин тапты


ICAN жетекчилиги жеңишин белгилөөдө. 6-октябрь, 2017-жыл
ICAN жетекчилиги жеңишин белгилөөдө. 6-октябрь, 2017-жыл

Нобелдин тынчтык сыйлыгын быйыл Өзөктүк куралды жоюу боюнча эл аралык кыймыл (ICAN) алды.

Кыймыл өзөктүк куралдын эбегейсиз кыйраткыч потенциалы жана адамзат саламаттыгы менен айлана чөйрө үчүн катастрофалык зыянына көңүл бурдурууну максат кылат. Ушул миссиясы жана "келишимдердин негизинде мындай куралга тыюу салууга жетишкен жаңычыл аракеттери үчүн" сыйлыкка арзыганын Нобель комитетинин президенти Берит Рейсс-Андерсен баса белгиледи.

ICAN Өзөктүк куралга тыюу салуу келишимин сактоо жана толук аткаруунун үстүндө иштеген жарандык коомдордун бирикмеси. 2007-жылы ишке кирип, учурда 101 өлкөдө 468 өнөктөштөрү бар.

Сыйлык Түндүк Корея өзөктүк куралдарын сыноону токтотпой, андан улам эл аралык коомчулук чыңалып турган учурда тапшырылууда.

Айрым байкоочулар престиждүү тынчтык сыйлыгы быйыл Иран менен дүйнөлүк державалар ортосундагы өзөктүк келишимге жетишкендерге берилерин болжолдоп жатышкан. 2015-жылдагы ал макулдашууга ылайык Иран өзөктүк программасын кыскарткан.

XS
SM
MD
LG