Социалдык тармактарда ырчы Гүлбү Ороскул кызы каза тапканы тууралуу жарыяланган кабарды анын жакындары "Азаттык" радиосуна ырасташты. Ырчы оорудан каза тапканы гана айтылууда.
Ырчы Гүлбү Ороскул кызы Улуттук телеканалдагы "Сармерден" кыз-жигиттер айтышы" программасын алып барып жүргөн. 41 жашта болчу. Артында эки кызы калды.