Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:13

Жээнбековдун штабы дагы бир сайттын үстүнөн БШКга арызданды


Президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбековдун штабы Кыргызтудей.кж сайтына жарыяланган видео-тасма боюнча БШКга даттанып, шайлоону чагылдыруу укугунан ажыратууну талап кылышкан.

Аталган сайтка КСДПчы президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбеков менен жолугушуудан кийин акча бөлүшүп талашкан видеотасма жарыяланган. Сайттын ээси Бегалы Наргозуевдин маалымдаганы боюнча, тасма 29-сентябрда интернетке тараган:

- Бул тасма бизге вотсап аркылуу келген. Ошону биз сайтка жарыялаганбыз. Ошондон кийин биздин редакцияга Жээнбековдун штабынан телефон чалып, видеону алып салууну талап кылышты. Биз алган жокпуз. БШКга биздин үстүбүздөн арызданышкан экен, бүгүн чакырды. Азыр каралып жатат.

Сайтка жарыяланган видеотасмада президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбековдун логотиби илинген имараттын алдында “Сооронбай Жээнбеков” деп жазылган ак желекти көтөрүп, “Сооронбай Жээнбеков” деген жазуусу бар кийимчен жаштар турушканын, алардын жанында жыйындан чыккан карапайым кишилер акча бөлүшө албай чырдашып жатканын көрүүгө болот.

Президенттикке талапкер Жээнбековдун штабы акыркы күндөрү түрдүү бурмаланган тасмалар менен талапкерди каралоо аракеттери жүрүп жатканын билдирип, коомчулукту андай чагымдарга алдырбоого чакырууда.(ZKo)

XS
SM
MD
LG