Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:03

Орусия: "телефон террору" 1,5 миң кишини сыртка чыгарды


"Телефон террорунан" кийин эвакуациялангандар. Казань шаары. 3-октябрь, 2017-жыл
"Телефон террорунан" кийин эвакуациялангандар. Казань шаары. 3-октябрь, 2017-жыл

6-октябрда эртең менен Москванын чукул кызматтарына бир саат ичинде жарылма заттар тууралуу 30 жашыруун билдирүү келди. "Анда мектеп, бала бакчалар жана административдик имараттарга бомба коюлганы айтылган" деп маалымдайт ТАСС агенттиги.

"Интерфакс" "телефон террорчуларынын" чалууларынан кийин беш мектептен эле 1,5 миң адам эвакуацияланганын жазды. Мындан тышкары Москва облустук думасындагылар жана өкмөттүн алдындагы Аналитикалык борбордогулар кеңселеринен чыгарылган.

Орусияда ыктымал жардыруулар тууралуу анонимдүү билдирүүлөр 10-сентябрдан бери удаа түшүүдө. Бул убакыт ичинде өлкөнүн 50 чакты аймагынан жүз миңдеген кишилер коопсуз жайларга көчүрүлгөн. "Телефон террорчуларынын" бомба коюлганы тууралуу кабарларынын бири дагы ырасталган эмес.

Алдын ала маалыматка караганда, алар жараткан түйшүктөн улам 300 млн рубль чыгым болду. ФСБ жетекчиси Александр Бортников чагымчыл чалууларды ушу тапта өлкө сыртында жашап аткан төрт орус жараны ишке ашырган деп билдирди. Бирок кайсы өлкөлөрдө экенин тактаган жок. Болгону Орусияда да алардын көмөктөштөрү бар экенин кошумчалады.

XS
SM
MD
LG