Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:28

Кырсыкта каза тапкандардын басымдуусу өзбекстандыктар болгон


Кырсык болгон жер
Кырсык болгон жер

Орусиянын Владимир шаарындагы автобус кырсыгында каза тапкандардын жана жаракат алгандардын басымдуусу өзбекстандык мигранттар. Бул тууралуу кырсык болгон жерге барган “Азаттыктын” өзбек кызматынын журналисти Умид Бобоматов билдирди:

- Поезд автобусту 100 метрден ашуун аралыкка сүйрөп кетиптир. Бардык жерде кийимдер чачылып жатат. Булар Казакстан аркылуу Өзбекстандан Москвага бараткан мигранттар экен. Каза болгондор 19 жана 21 деп ар кандай сандар айтылууда. Арасында үч бала бар деп айтылууда. Каза болгондордон тышкары беш адам реанимацияда оор абалда жатат. Калгандары Покров шаарында түзүлгөн убактылуу жардам штабында.

Ал ошондой эле өзбек өкмөтү жабыркагандарды мекенине алып келүүгө учак жөнөткөнүн кошумчалады.

Кырсык 6-октябрда танкы саат 3:30да болгон. Автобус темир жолду кесип өтүп баратканда бузулуп калган. Жүргүнчүлөр түшө калып автобусту түртүп жатканда жакындап калган поезд токтой албай сүзүп өткөн. Автобустун эки айдоочусу казакстандык болгон, алардын бири каза болду. Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлү Руслан Блинов кырсыкка айдоочу себепкер болгонун айтууда.

Жалпысынан автобуста 57 киши бараткан.

"Мерседес-Бенц" үлгүсүндөгү автобус 24 жыл колдонулуп келгени, ишке жарактуу мөөнөтү 15 жыл мурда бүткөнү белгиленүүдө.

XS
SM
MD
LG