Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:02

Вице-премьер-министр Темир Жумакадыров мезгилсиз дүйнөдөн кайтты


7-октябрь күнү Бишкек-Кара-Балта жолундагы Садовое айылында болгон жол кырсыгынан вице-премьер-министр Темир Жумакадыров каза болду.

Анда жолтандабас менен КамАЗ автоунаасы кагылышып, үч киши каза тапкан.

Маалыматты “Азаттыкка” өкмөттөн да ырасташты. Темир Жумакадыров Республикалык шайлоо штабын жетектеп, Талас облусундагы шайлоо участкаларынын даярдыгын текшерүү үчүн жолго чыкканы айтылууда.

Темир Жумакадыров 1979-жылы 4-августта Балыкчы шаарында төрөлгөн. Ушул жылдын август айында премьер-министр Сапар Исаковдун министрлер кабинети менен кошо коопсуздук жаатындагы вице-премьер-министр болуп дайындалган.

"Азаттык" радиосунун жамааты маркумдун үй-бүлөсүнө терең кайгыруу менен көңүл айтып, азасын тең бөлүшөт. (BCh)

Темир Жумакадыров "Азаттыкка" акыркы жолу "Ыңгайсыз суроолор" берүүсүнө катышуу үчүн келген.
Кылмыш дүйнөсү шайлоого аралаштыбы?
please wait

No media source currently available

0:00 0:30:16 0:00

XS
SM
MD
LG