Линктер

шаршемби, 18-октябрь, 2017 Бишкек убактысы 17:49

Кремл америкалык ЖМКларга чектөө киргизерин эскертти


RT телеканалынын башкы редактору Маргарита Симоньян жана алып баруучу Дмитрий Киселёв.

АКШда орусиялык медиа өкүлдөрү басымга кабылып жатканына байланыштуу Кремл жооп иретинде америкалык ЖМКларга чектөө киргизе турганын эскертти. Орусия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков орусиялык журналисттердин укугу бузулуп, Вашингтон тараптан басым улана берсе, жооптуу чаралар кабыл алынышы мүмкүндүгүн айтты.

АКШнын тартип коргоо органдары орусиялык RT телеканалы жана Sputnik маалымат сайтына өзгөчө көңүл буруп келет. Орусия каржылаган RT телеканалы американын атайын кызматы тарабынан өткөн жылы болгон АКШдагы президенттик шайлоого кийлигишкен деген айып коюлган.

Ошондон тарта Вашингтон RT менен Sputnik сайтын каттоого алууну демилгелеп келет. Союз маалында орусчул бир катар ЖМКлар анын ичинде “Правда” гезити жана ТАСС агенттиги чет өлкөлүк тыңчы катары АКШда катталган. (SDz)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG