Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:58

Иран алты держава менен сүйлөшүүгө даяр экенин билдирди


Тегеран
Тегеран

Иран батыш өлкөлөрү менен чыңалууну токтотууну каалап жатканын Reuters агенттигине ирандын жана батыштын расмий өкүлдөрү билдиришти. Тегеран баллистикалык ракеталар боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө даяр.

Иран бийлиги буга чейин коргоо жаатында ракета күчтөрүн көбөйтө турганын айтып келген. Бирок Вашингтон бул демилгелерди алты держава аркылуу бекиген көп тараптуу келишимдин бузуу катары сыпаттап келген.

Жума күнү америкалык ЖМКлар АКШ президенти Дональд Трамп Иран менен өзөктүк келишимди жокко чыгарууну демилгелеп жатканын жазган. Аскер башчылары менен жолуккандан соң, Трамп бул көрүнүштү, “бороон алдындагы тыныгуу” деп сыпаттаган.

Эгерде Дональд Трамп Иран менен азыркы келишимди кабыл албаса, АКШ Конгресси эки ай ичинде Тегеранга санкция киргизүү чечимин кабыл алышы керек. Трамптын чечими тууралуу 15-октябрда маалым болот.

Иран менен келишимди жокко чыгаруу тууралуу Трамп шайлоо алдындагы кампаниясында өзгөчө белгилеп келген. (SDz)

XS
SM
MD
LG