Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:21

Темир Жумакадыровдун туугандарына көңүл айтуулар түшүүдө


Темир Жумакадыров
Темир Жумакадыров

Экономика министри Артем Новиков вице-премьер-министр Темир Жумакадыровдун үй-бүлөсүнө жана жакын туугандарына көңүл айтты.

“Жалпы жамааттын жана өзүмдүн атынан Темир Жумакадыровдун туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтам” деп жазылат кайрылуу катта.

Бүгүн президент Алмазбек Атамбаев “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу иш-чарасында Темир Жумакадыровду келечекте өлкө жетекчилердин бири катары көрүп келгенин айтты.

Ал эми президенттикке талапкерлердин бири Өмүрбек Бабанов Кара-Суудагы эл менен жолугушуусун бир мүнөттүк эскерүү менен баштады.

Маркумдун үй-бүлөсүнө президенттикке талапкер Темир Сариев дагы көңүл айтты.

"Азаттык" радиосунун жамааты да маркумдардын үй-бүлөсүнө көңүл айтып, аза-кайгысын тең бөлүшөт.

Президенттикке талапкерлердин бири Сооронбай Жээнбековдун көңүл катында Темир Жумакадыров Коопсуздук кеңешинин катчылыгында турганда өлкөнүн өнүгүшүнө көптөгөн салымдарды кошконун билдирди. Ал Темир Жумакадыров менен кошо кайтыш болгон жардамчысы Нурлан Жамгырчиев жана айдоочу Нурбек Мукановдун туугандарына жана жакындарына көңүл айтты.

Бүгүн таңкы саат 7:30дарда вице-премьер-министр Темир Жумакадыров бараткан «Тойота Ландкрузер» автоунаасы “КамАЗ” менен бетме-бет сүзүшкөн. Кырсыктан каза болгон вице-премьер-министр Темир Жумакадыровдун жанында жардамчысы Нурлан Жамгырчиев жана айдоочусу Нурбек Муканов болушкан. Кырсык автоунаадагы үчөөнүн тең өмүрүн алып кеткен.

Өкмөттөн вице-премьер-министр Таласка иш сапары менен баратканын маалымдашты.

Жумакадыров Республикалык шайлоо штабын 21-сентябрда вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевдин ордуна келип, жетектеп баштаган. Ал ушул жылдын август айында премьер-министр Сапар Исаковдун министрлер кабинети менен кошо коопсуздук жаатындагы вице-премьер-министр болуп дайындалган. Ага чейин Коопсуздук кеңешинин катчылыгын аркалап келген. (SDz)

XS
SM
MD
LG