Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:55

Сариевдин штабы интернеттеги аудио "кара пиар" экенин билдирди


Темир Сариев
Темир Сариев

Президенттикке талапкерлердин бири Темир Сариевдин штабы анын казак бизнесмени Булат Утемуратов менен интернетке тараган телефон сүйлөшүүсү боюнча маалымат берди.

Сариевдин маалымат катчысы Назира Ахмедова “Азаттыкка” билдиргендей, Сариев менен Утемуратовдун сүйлөшүүсү качан жана ким тарабынан интернетке жайгаштырылганы белгисиз.

“Бул сүйлөшүүлөр Кыргызстандын саясатына же шайлоого эч кандай тиешеси жок. Тараптар жеке жана саясатка тиешеси жок маселелерди талкуулап жатат. Ушундан улам ар кандай жоромолдорго комментарий берүүнүн зарылчылыгы жок деп эсептейбиз”, - дейт Назира Ахмедова.

Ахмедова интернетке тараган аудиожазуу Сариевге карата "кара пиар" деп, айрым саясий атаандаштар өздөрүнүн таза эмес иштерине актануу үчүн ушундай кадамга барып жатканын билдирди.

6-октябрда Youtube видеопорталына президенттикке талапкер Темир Сариевге жана Казакстандын бизнесмени Булат Утемуратовго үндөрү окшош адамдардын телефон сүйлөшүүлөрү жарыяланган. Анда Сариевге үнү окшош адам казак бизнесмени менен жолугууну демилгелеп, тийиштүү жардам ал тарабынан көрүлбөй жатканын айткан. Видеодо сүйлөшүүлөр сентябрь айынын аягында болгону жазылган.

Булат Утемуратов Казакстандын теннис федерациясынын президенти. Ал буга чейин Казакстандын президентинин администрациясында бир катар жогорку кызматтарында жана Казакстандын президентинин кеңешчиси болгон. 2016-жылы Казакстандын 50 бай бизнесменинин көч башында турган. (SDz)

XS
SM
MD
LG