Американын бийлиги Нью-Йоркто үч террористтин эл көп чогулган жерде, метро станцияларда жана концерт аянтчаларда ок чыгаруу планын алдын алды. Чабуул бир жылдан бери пландалып келген. Тергөө кызыкчылыгына байланыштуу маалымат сыр бойдон келип, 6-октябрда гана ачыкка чыкты.
Террористтердин бири 19 жаштагы Канаданын жараны болгон. Ал Нью-Жерси штатында май айында эле камакка алынган. Калган экөөнү Пакистан жана Филиппин өлкөлөрүнөн жашаган жеринен кармашты. Алардын АКШга экстрадицияланышы күтүлүп жатат.
Кармалгандар “Ислам мамлекети” террористтик тобу менен байланышта болгон. Алар Пакистанда жардыруучу адистер менен жолугуп, Нью-Йоркто үйлөрдүн бирин ижарага алышкан. Ал жакта жардырууга керектүү кошмолорду сактап жүргөн.
Бул топко ФБР агенти өзүн “Ислам мамлекети” тобунун мүчөсү катары тааныштырып кошулуп, ишти ачууга жардамдашкан. (SDz)