Президент Алмазбек Атамбаев телефон аркылуу Орусиянын президенти Владимир Путинди 65 жылдык мааракеси менен куттуктады.
Атамбаев Путиндин көрөгөчтүгүнүн жана чечкиндүүлүгүнүн аркасында Орусия туруктуу өнүгүү жолу менен ишенимдүү кадам шилтеп, кайрадан дүйнөдөгү улуу державалардын арасынан татыктуу орун ээледи, муну Орусиянын достору дагы, дос эместери дагы таанып жатат деп белгиледи. Ал эки өлкөнүн элдеринин жыргалчылыгы үчүн союздаштык мамилелерди мындан ары тереңдетүүгө ишенимин билдирди.
Орусиянын президенти Владимир Путин 1952-жылы 7-октябрда Ленинград шаарында төрөлгөн. Ал алгачкы жолу 2000-жылы Орусиянын президенти болуп шайланган. (SDz)