Якутск, Самара, Ижевск, Түштүк-Сахалинде өтүп жаткан оппозициялык саясатчы Алексей Навальныйды колдоо акциясында тартип сакчылар митинг катышуучуларын кармап жатат.
Самарадагы митингде оппозиционердин тарапкерлери жөнөткөн сүрөттө бир нече полиция кызматкери улгайган аялдын колун толгоп, Киров аянтынан алып кетип жатканын көрүүгө болот. Ал жакта бери жагы беш адам кармалганы айтылууда. Айрым акция катышуучуларын аянтка жеткирбестен полиция алып кетүүдө.
Навальныйдын Якутсктагы тарапкерлери да кармоолор болуп жатканын маалымдашты. Бул тууралуу оппозиционердин Урал, Сибир жана алыскы Чыгыш боюнча аймактык менеджери Олег Снов өзүнүн Твиттердеги баракчасына жазды. Ал жакта дагы жергиликтүү штабдын беш-алты активисти кармалды.
Ошондой эле Ижевскте полиция пикетке чыккандардын арасынан бир нече адамды кармап кетти. Орус бийлиги митинг учурунда мыйзам бузууларга катаал чара көрүлөрүн билдирген. Буга чейин Алексей Навальныйды колдоо митинги 80ден ашуун шаарда өтөрү айтылган. (SDz)