Линктер

ишемби, 16-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 17:15

“Азыр Атамбаев ыплас шайлоо өткөргөнү жатат деген көп ылай төгүлүп жатат. Бирок мен баары бир таза шайлоолорду өткөрөм”, - деп Алмазбек Атамбаев бүгүн бир катар инсандарга мамлекеттик сыйлыктарды тапшырып жатып билдирди.

Мамлекет башчы таза шайлоо өткөрүү мүмкүнчүлүгү канчалык кыйынчылыктар менен жетишилгенин айтып, Кыргызстанда таза шайлоо өткөрүү үчүн 2010-жылы 7-апрелде жигиттердин каны төгүлгөнүн эске салды.

“Биздин келечегибиз мунай жана газ эмес, адамдарыбызда. Биздин келечегибиз - калыс бийлик, адилеттик. Сиздер буга көнгүлө. Кантип эле бизге мурдагы мезгил керек болсун? Кайрадан кан төгүлсө жакшыбы? Негизгиси калыстык. Кандай добуш берсеңиздер ошондой болот. Бүгүн өлкөбүздүн тагдыры сиздердин колуңуздарда”, - деди Алмазбек Атамбаев.

Кыргызстанда президенттик шайлоо 15-октябрда өтөт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG