Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:18

Жумакадыровду акыркы сапарга узатуу боюнча уюштуруу комитети түзүлдү


Темир Жумакадыров.
Темир Жумакадыров.

Вице-премьер-министр Темир Жумакадыровду акыркы сапарга узатуу зыйнатын уюштуруу боюнча өкмөттүн буйругу чыкты.

Ага ылайык, уюштуруу комитети түзүлүп, аны өкмөт башчы Сапар Исаков жетектейт. Уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары болуп президенттик аппараттын жетекчисинин орун басары Мухамметкалый Абулгазиев дайындалды.

Уюштуруу комитетинин мүчөлөрү:

- Нурханбек Момуналиев – өкмөттүн аппарат жетекчиси;

- Улан Исраилов – ички иштер министри;

- Адылбек Касымалиев – каржы министри;

- Жамшитбек Калилов – транспорт жана жолдор министри;

- Кубатбек Боронов – өзгөчө кырдаалдар министри;

- Талантбек Батыралиев – саламаттыкты сактоо министри;

- Түгөлбай Казаков – маданият, маалымат жана туризм министри;

- Албек Ибраимов – Бишкек шаарынын мэри;

- Алмазбек Курманалиев – Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары;

- Абдил Сегизбаев – Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы;

- Мирбек Касымкулов – Мамлекеттик коргоо иштери боюнча комитетинин төрагасы;

- Илим Карыпбеков – Коомдук телерадио берүү корпорациясынын башкы директору;

- Узарбек Жылкыбаев – Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;

- Нурбек Мамбетакунов – президенттин жана өкмөттүн иш башкармасынын орун басары;

- Болот Жумалиев – маркумдун тууганы.

7-октябрда таңкы саат 7:30дарда вице-премьер-министр Темир Жумакадыров бараткан «Тойота Лэндкрузер» автоунаасы Чүйдүн Москва районунда “КамАЗ” менен бетме-бет сүзүшкөн. Кырсыктан каза болгон вице-премьер-министр Темир Жумакадыровдун жанында жардамчысы Нурлан Жамгырчиев жана айдоочусу Нурбек Муканов болгон. Кырсык автоунаадагы үчөөнүн тең өмүрүн алып кеткен.

Темир Жумакадыров менен коштошуу зыйнаты 9-октябрда Кыргыз улуттук драма театрында болот. Маркумдун сөөгү “Ала-Арча” мамлекеттик көрүстөнүнө коюлат. (SDz)

XS
SM
MD
LG