Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:29

Түркия Сириянын түндүк-батышында ири операция баштады


Режеп Эрдоган
Режеп Эрдоган

Сирия оппозициясы Түркиянын колдоосу менен өлкөнүн түндүк-батышындагы Идлиб провинциясында согушкерлерге каршы ири операция баштады. Ишемби күнү Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган маалымдагандай, чабуулду Эркин Сирия армиясы жүргүзүп, абадан орус авиациясы көмөктөшүүдө. Негизги тапшырма Түркиянын чек арасына жакын аймактын көпчүлүк бөлүгүн көзөмөлдөп жаткан жихадчыларды сүрүп чыгаруу болуп саналат.

Reuters агенттиги маалымдагандай, негизги каршылаштар - “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун курамындагы “Тахрир аш-Шам” исламчыл альянсы.

Сириянын “деэскалация” зоналары боюнча келишим Түркияга Идлиб аймагындагы аскердик операцияларга катышууга уруксат берет. Бул келишимге 15-сентябрда Астанада Орусия, Түркия, Иран жана Башар Асаддын режими кол койгон. (SDz)

XS
SM
MD
LG