Темир Жумакадыровдун мезгилсиз дүйнөдөн кайтышы мекендештердин эч кимисин кайдыгер калтырган жок, ал жаңы муундагы көрүнүктүү мамлекеттик ишмерлердин сап башында болчу. Бул билдирүүнү “Акыйкат шайлоо үчүн” жарандык кыймылы таратып, вице-премьер-министр Темир Жумакадыровдун үй-бүлөсүнө, туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтышууда.
"Темир Жумакадыров 2017-жылдагы президенттик шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча өкмөттүн штабынын жетекчиси катары биз менен тыгыз иштешип келген" деп жазылат билдирүүдө.
“Акыйкат шайлоо үчүн” коомдук кыймылы 12-сентябрда түзүлүп, ага экс-президент Роза Отунбаева, легендарлуу парламенттин төрагасы Медеткан Шеримкулов, Жогорку Кеңештин мурдагы төрагалары Абдыганы Эркебаев, Зайнидин Курманов, мурдагы премьер-министрлер Апас Жумагулов, Феликс Кулов, экс-депутат Равшан Жээнбеков баштаган саясатчылар, коомдук ишмерлер жана жарандык активисттер мүчө.
7-октябрда вице-премьер-министр Темир Жумакадыров автоунаа кырсыгына кабылып, каза болду. Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты эртең, 9-октябрда Кыргыз улуттук драма театрында өтөт.
7-октябрда таңкы саат 7:30дарда вице-премьер-министр Темир Жумакадыров бараткан «Тойота Лэндкрузер» автоунаасы Чүйдүн Москва районунда “КамАЗ” менен бетме-бет сүзүшкөн. Кырсыктан вице-премьер-министрдин жардамчысы Нурлан Жамгырчиев жана айдоочусу Нурбек Муканов да каза болду. (SDz)