Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:20

Кыргызстанда 71 миң акыл оорулуу расмий каттоодо


Кыргызстанда жыл сайын 10 миң киши психикалык жактан ооруп, атайын каттоого алынып жатат. Бул тууралуу "Азаттыкка" Республикалык психикалык саламаттык борборунун директору Ураимжан Исмаилов билдирди.

Туруктуу каттоодо турган акыл оорулууларынын саны азыр 71 миңге чамалайт.

Алардын 54,5 миңи оор психикалык дарттар менен жабыркайт.

Өлкө боюнча 146 психотерапевт дарыгер талап кылынса, 8 гана догдур Бишкек жана Ош шаарларында бейтаптарды кабыл алууда.

Психикалык дартты аныктап, туура дарылоого эл арасындагы стигматизация, оорусунан корунуу да себеп болуп жатканын адистер белгилешет. (BCh)

XS
SM
MD
LG