Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:11

Москвада “Синдика” соода борборунда өрт чыкты


"Синдика" базарындагы өрттү тик учак менен өчүрүү. Москва, 8-октябрь, 2017-жыл.
"Синдика" базарындагы өрттү тик учак менен өчүрүү. Москва, 8-октябрь, 2017-жыл.

Аталган курулуш базарында жекшембиде чыккан өрттөн бир нече киши иске ууланып, дарыгерлерге кайрылды. Алардын бири ооруканага жаткырылды. “Азаттык” радиосунун орус кызматы билдиргендей, тилсиз жоодон Москванын түндүк-батышында жайгашкан бул соода жайдын чатыры урап, бир бөлүгү күйүп кеткен.

Акыркы маалыматтарга караганда, өрт өчүрүлдү. Өрт соода борбордун 100 миң чарчы метрине жайылып, автоунаа токтоткон жайдагы машинелерге да зыян келтирилген. Камсыздандыруучулардын бүткүл орусиялык союзу базарга тилсиз жоодон келтирилген чыгымды 5 миллиард рубль деп баалады. Жабыркагандар арасында кыргызстандыктар барбы-жокпу азырынча белгисиз.

Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өрт өчүрүүгө 350дөн ашык киши жана 180дей техника, анын ичинде үч тик учак тартылганын, куткаруучулар соода борбордун кардарлары менен кызматкерлерин эвакуациялаганын маалымдады. Имараттан жалпы үч миңден ашуун адам чыгарылган.

XS
SM
MD
LG