Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:44

Жарандык коом укук коргоо органдарын саясатташпоого чакырат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

“Конституциялык реформа үчүн” жарандык кыймылы жана “Сөз эркиндигин коргоо комитети” бейөкмөт уюму бүгүн Бишкекте жыйын өткөрөт. Бул тууралуу аталган уюмдардын мүчөсү Равшан Жээнбеков “Азаттык” радиосуна билдирди. Анын айтымында, жыйында укук коргоо органдарын саясатка аралаштырбоо талабы коюлат:

- Жарандык коомдун, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, саясатчылар УКМКнын, Башкы прокуратуранын, сот органдарынын, милициянын саясатка аралашуусун, аларды саясаттан алыстатуу жолдорун талкуулайт. Акыркы убакта укук коргоо органдарынын абдан саясатташып кетиши мамлекетке көп коркунуч алып келет деген ой менен конференцияны уюштуруп, маселеге жооп издегенге аракет кылабыз.

Жарандык активисттер соңку кезде укук коргоо органдары өздөрүнө тагылган милдеттерди аткаруудан оолактап, бийликтин айтканы менен иштеп калды деп сындап жатышат. (NT)

XS
SM
MD
LG