Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Сентябрь, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:12

Электрондук кызмат көрсөтүү порталынын ачылышы эртең болот

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Коргоо, коопсуздук жана чек ара маселелери боюнча вице-премьер-министр Темир Жумакадыровдун күтүүсүз каза болгонуна байланыштуу бүгүнкүгө белгиленген иш-чара өтпөй калганын өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Бүгүн “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында премьер-министр Сапар Исаковдун катышуусунда, электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү порталы менен кошо “Маалымат күркөлөрүн” ишке киргизүү боюнча долбоордун бет ачары пландалып жаткан. Эми ал иш-чара 10-октябрда болорун өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.

Өкмөттүн маалыматына караганда, электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү порталы - электрондук форматта мамлекеттик кызмат көрсөтүүгө, никени каттоого арыз берүү, жашаган дареги боюнча каттоого туруу, дарек кагаз алуу, жоголгон документтерди текшерүү, паспорт үчүн арыз-анкета тапшыруу, кыймылсыз мүлккө жана кыймылдуу мүлккө ээ экендигин аныктаган мамлекеттик реестрден көчүрмө, айдоочулук күбөлүк алууга мүмкүнчүлүк түзөт. Ошондой эле жарандар паспортторду үйдөн, дистанциялык түрдө алса болот. Бул система “Таза коом” долбоорунун алкагында ишке киргизилип жатат.

XS
SM
MD
LG