Президент Алмазбек Атамбаевдин жардыгы менен Нуркамал Набиев баш прокурордун орун басары - аскер прокурору болуп дайындалды. Мамлекет башчы жардыкка 9-октябрда кол койгонун президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлады.
Нуркамал Набиев буга чейин юстициянын прокурору, аскер прокурорунун орун басары, Башкы прокуратурада мыйзамдуулуктун сакталышын көзөмөлдөө башкармалыгынын башчысы болуп иштеген.(ZKo)