Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:50

"Хизбутчу" деп соттолгон аялдын жакындары митингге чыгышты


Алар 11 баланын энеси, кош бойлуу Назира Асаналиеваны бошотууну суранышууда.
Алар 11 баланын энеси, кош бойлуу Назира Асаналиеваны бошотууну суранышууда.

Бүгүн Ысык-Көл облустук сотунун алдына диний ишениминен улам үч жылга эркинен ажыратылган Назира Асаналиеванын жакындары тынчтык митингин өткөрүп жатышат. Алар 11 баланын энеси, кош бойлуу Назира Асаналиеваны бошотууну суранышууда. Жолдошу Нурмат Асаналиевдин айтымында, 26- сентябрда Түп райондук соту "тыюу салынган китептерди сактаган" деген айып менен жубайын үч жылга эркинен ажыраткан. Облустук сот апелляциялык арызды бүгүн, 9-октябрда карайт.

- Адилеттүүлүктү суранабыз. Адилеттүү чечим чыгарып беришин талап кылабыз. 11 балам жетим калгандай болуп калды. Жубайым кош бойлуу. Энесинин балдарына кайтып келишин каалайм, - деди Нурмат Асаналиев​.

Айыпталуучунун жактоочусу Аида Абдрахманова теологиялык эспертиза мыйзамсыз өткөнүн, күбөлөр да китептер Асаналиеванын үйүнөн чыкканын далилдеп бере алышпаганын белгиледи.

"Хизб ут-Тахрир" диний уюму Кыргызстандын аймагында экстремисттик деп таанылган. Бул агымдын идеяларын жайылтууга тыюу салынат. (AsM)

XS
SM
MD
LG