Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 11:26

Президент Алмазбек Атамбаев Сочиге барбай турган болду

Сүрөттө Евразиялык экономикалык биримдикке кирген өлкөлөрдүн лидерлери - Армения президент Серж Саргсян, Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев, Орусия президенти Владимир Путин жана Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев. 26/12/2016

Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнөн кабарлашкандай, шайлоо күнү айрым саясатчылар кылмыш дүйнөсүн колдонуп, чет мамлекеттердеги саясатчылардын каржылоосу менен массалык башаламандык чыгарууга даярдык көрүп жатышканы тууралуу аныкталган фактыларды эске алып, президент өлкөдөгү тартипти жана коопсуздукту жеке көзөмөлүнө алуу үчүн Сочиге пландалган жумушчу сапарынан баш тартты.

Мамлекет башчы 10-11-октябрда Орусиянын Сочи шаарына КМШ мамлекеттеринин жана Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынына катышуу үчүн бармак.

Мамлекет башчынын тапшырмасы менен Сочидеги жыйындарга өкмөт башчы Сапар Исаков баштаган делегация барат.

Кыргызстанда президенттик шайлоо 15-октябрда өтөт. Ага 11 талапкер катышып жатат.(ZKo)

XS
SM
MD
LG