Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:37

АКШ менен Түркия бири-биринин жарандарына виза берүүнү токтотту


АКШ менен Түркиянын байрактары.
АКШ менен Түркиянын байрактары.

Вашингтон менен Анкаранын бул жолку дипломатиялык тиреши 8-октябрда АКШнын Түркиядагы элчилигинин жарыясынан кийин башталды.

Элчилик Түркиянын жарандарына иммиграциялык эмес виза берүүнүн токтотулушун “Түркия өкмөтүнүн АКШнын дипломатиялык миссиялары менен алардын кызматкерлеринин коопсуздугу боюнча милдеттемелерин кайра кароо” зарылдыгы менен түшүндүрдү.

Эки тараптын мындай чечимдеринин алдында Кошмо Штаттардын Түркиядагы консулдугунун жергиликтүү кызматкери "тыңчылык кылды" деген айып менен камакка алынганы белгилүү болгон.

Түркиялык медианын кабарларына караганда, АКШ консулдугунун 4-октябрдан тарта камакка алынган Метин Топуз ысымдуу кызматкери Кошмо Штаттардагы динаятчы Фетхулла Гүлендин тобу менен байланышта болгону үчүн айыпталып жатат.

Мамлекеттик департамент түрк тараптын айыптоолорун "далилсиз" деп атады.

Түркия АКШда бозгунда жүргөн диниятчы Фетхуллах Гүленди 2016-жылдын жайында болгон бийликти төңкөрүү аракетинин артында турган деп айыптап, Вашингтондон аны экстрдациялоону талап кылып келет.

XS
SM
MD
LG