Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:23

Экономика боюнча Нобел сыйлыгынын ээси аталды


Америкалык экономист Ричард Талер.
Америкалык экономист Ричард Талер.

9-октябрда Экономика боюнча Нобел сыйлыгынын лауреаты аталды. Бул ирет сыйлыкты жүрүм-турум экономикасына кошкон салымы үчүн америкалык экономист Ричард Талер алды. 72 жаштагы Талер Чикаго университетинде эмгектенет.

Өткөн жылы бул сыйлык америкалык илимпоздор Оливер Харт менен Бенгт Хольмстрёмге келишим теориялары жаатындагы иликтөөлөрү үчүн ыйгарылган.

Швециянын Улуттук банкы экономика жаатындагы Альфред Нобелдин урматына түзгөн сыйлыкты 1969-жылы негиздеген.

Быйылкы жылга чейин аны 49 илимпоз алган. 2009-жылы экономикалык башкаруунун анализи үчүн сыйлыкка ээ болгон Элионор Остром бул сыйлыкка татыган жалгыз аял.

XS
SM
MD
LG