Линктер

шаршемби, 22-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 12:12

Салянованын сотунда судьяга дагы бир жолу ишенбөөчүлүк көрсөтүлдү


Аида Салянованын соту.

Ленин райондук сотунун судьясы Кубанычбек Касымбековго ишенбөөчүлүк көрсөтүү ал "Ата Мекен" фракциясынын депутаты Аида Салянованын коомдук коргоочусу Рабига Сыдыкованы сот залынан чыгарууга буйрук бергенден кийин көтөрүлдү. Адвокат Чынара Жакупбекова судьяны бул буйругу үчүн айыптап, ишти жүргүзүүгө компетенттүү эмес деген жүйө менен ага ишенбөөчүлүк көрсөтүү демилгесин көтөргөн. Адвокаттын демилгесин айыпталып жаткан Аида Салянова да колдоду:

- Сиз судья катары өзүңүзгө тиешелүү мыйзамдарды сактай алган жоксуз. Ошондуктан мен сизге ишенбөөчүлүк көрсөтүү демилгесин колдойм.

Прокуратура кызматкерлери буга каршылыгын билдиришти. Сот кеңешүү үчүн өз бөлмөсүнө кетти.

9-октябрда Ленин райондук сотунда мурдагы баш прокурор Аида Салянованын соттук териштирүүсү уланды. Анда коомдук коргоочу Рабига Сыдыкова 26-сентябрда аягына чыкпай калган жарыш сөзүн улантууга аракет кылган. Судья Кубанычбек Касымбеков коргоочуну сөзүн сүйлөп бүткөн деген жүйө менен, жарыш сөзүн улантууга тыюу салып, милиция кызматкерлерине аны залдан чыгарууга буйруган. Бул залдагы элдин нааразычылыгын жаратып, айыпталуучу Аида Салянова судья коргоочуну залдан жазуу түрүндөгү буйрук менен гана чыгара аларын эскертти.

Мурдагы баш прокурор, Жогорку Кеңештин депутаты Аида Салянова юстиция министринин милдетин аткарып турган кезинде мурдагы президенттин уулу Максим Бакиевдин өнөктөшү Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын мыйзамсыз узарткан деп айыпталууда. Прокуратура Салянованы сегиз жылга эркинен ажыратууну сураган.

Аида Салянова өзү бул ишти саясий куугунтук деп белгилеп келет. (ZKo)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG