Синоптиктердин маалыматы боюнча, Кыргызстанда 10-октябрда жаан-чачын жаабайт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 2…7, күндүз 18…23 градус жылуу болот. Таласта түнкүсүн 1…6, күндүз 15…20 градуска чейин ысыйт.
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 5…10, күндүз 18…23 градус ысык болот.
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 2…7, күндүз 16…21 градус жылуу, тоолуу Нарында түнкүсүн -3…+2, күндүз 14…19 градус жылуу болот.
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -8…-13, күндүз 1…6 градуска жылыйт.
10-октябрда Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Шамалды багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет. Абанын түнкү температурасы 3…5°, күндүзгү температурасы 19…21° жылуу болот.