Линктер

шаршемби, 13-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 15:10

ЕБ Кыргызстан менен саясий диалогду шайлоодон кийин баштайт


Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев жана Еврокомиссиянын президенти Жан-Клод Юнкер. 25-март, 2015-жыл

Европа биримдигине мүчө өлкөлөр Кыргызстан менен жаңы саясий келишимди сүйлөшүү мандатын Европа комиссиясына жана уюмдун тышкы саясат боюнча жогорку өкүлү Федерика Могериниге берди.

Жаңы макулдашуу 1999-жылы түзүлгөн, Бишкек менен Евробиримдик ортосундагы саясий алака-катышты аныктаган "Өнөктөштүк жана кызматташтык келишимин" алмаштыруусу керек.

Бул тууралуу маалымат Брюсселде 9-октябрда, Кыргызстандагы президенттик шайлоодон бир апта мурда жарыяланды.

Евробиримдиктин билдирүүсүндө алар алдыдагы добуш берүү “Кыргызстандын ачык-айкын жана ишеним жараткан шайлоо боюнча эл аралык милдеттемелерине ылайык өтөт" деп күтүп жатышканы көргөзүлгөн.

Брюсселдеги дипломаттардын айтымында, Кыргызстан менен саясий диалог шайлоодон соң дароо эле башталмакчы.

Борбор Азия өлкөлөрүнөн Евробиримдик менен саясий макулдашууга үч жылга созулган сүйлөшүүлөрдөн соң биринчи болуп былтыр Казакстан кол койгон.

Кеңейтилген өнөктөштүк жана кызматташтык келишими эки тараптын укук, мыйзам үстөмдүгү, энергия, билим берүү, илим-изилдөө өңдүү 29 багыт боюнча кызматташтыгын мурдагыдан да күчөткөн.(UE)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG