Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, жол кырсыгы 8-октябрда түшкө жакын Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарына жакын жерде, Бишкек-Ош жолунун 423-чакырымында катталган. “Вольво” үлгүсүндөгү күйүүчү май ташыган автоунаа менен “Хонда-Фит” жеңил машинеси кагылышкан.
Май ташыган автоунаанын айдоочусу "Хонда-Фиттин" ичиндеги төрт кишини чыгарып, бирок машиненин ээси рулга кыпчылып калгандыктан чыгара алган эмес. Андан кийин машине өрттөнүп кеткен. Ичинде беш киши - эки эркек, үч аял болгон, үчөө кырсык болгон жерде, экөө ооруканага бараткан жолдо каза болушкан. Маркумдардын баары бир үй-бүлө мүчөлөрү, туугандар экени кабарланды. Жол кырсыгынын себеби териштирилип жатат.