Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:06

БШКнын төрт мүчөсү шайлоо боюнча коомчулукка кайрылды


Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү Назарали Арипов, Атыр Абдрахматова, Елена Жылкычиева, Гүлнара Журабаева кол койгон кайрылуу Боршайкомдун башка мүчөлөрүнө, аймактык, участкалык шайлоо комиссия мүчөлөрүнө, шайлоочуларга жолдонгон.

Анда алдыдагы президенттик шайлоону акыйкат, калыс өткөрүүгө умтулуу, туура чечим кабыл алуу, элдин ишенимин актоого чакырык ташталган.

- Эгер БШК шайлоого саналуу күн калганда президенттикке талапкерлердин бирин жарыштан четтетсе, шайлоо шайлоого окшобой калат. Бүгүнкү күндө башкы эки талапкердин бирин шайлоодон четтетүү чечими ага кандай себеп болбосун, коомчулукта атайын бут тосуу, адилетсиздик катары кабыл алынат. Биз мыйзамдуулуктун сакталышын талап кылабыз. Башка мүчөлөрдү бийликтин айтканын аткарбай, талапкерлердин бирине да артыкчылык бербөөгө чакырабыз, - деп жазылган анда.

Буга чейин БШК төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов Борбордук шайлоо комиссиясынын жумушчу топторунда президенттикке талапкер Өмүрбек Бабановдун Оштун Он-Адыр конушунда сүйлөгөн сөзү боюнча арыздар каралып жатканын билдирген.

Президенттикке талапкер Өмүрбек Бабанов эки жолу БШК тарабынан эскертүү алган. Биринчиси - үгүт баннерлерине өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов жана башка айрым мамлекеттик кызматкерлердин сүрөтүн илгени үчүн, экинчиси - диний ишмер Садыкжан Камаловду үгүт иштерине аралаштырганы үчүн берилген.

Өмүрбек Бабанов 1-октябрда маалымат жыйын өткөрүп, бийлик ага карата "каралоо" уюштуруп жатканын айтып, муну президенттик шайлоонун алдында өзүнүн рейтинги жогорулаганы менен байланыштырган. (NT)

XS
SM
MD
LG