Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:30

Washington Post: Орусия интернет аркылуу АКШ шайлоосуна таасир этүүнү көздөгөн


Учурда Google компаниясында кеңири иликтөө жүрүүдө.
Учурда Google компаниясында кеңири иликтөө жүрүүдө.

Google компаниясы өз платформаларынан Орусия тараптан каржыланган саясий жарнамаларды аныктаган. Бул тууралуу өз булактарына шилтеме жасап The Washington Post басылмасы жазды.

Маалыматка караганда, Google компаниясынын ички иликтөөсү орусиялык жарнама агенттиктери YouTube, Gmail жана DoubleClick порталдарында жалган жарыяларды таратуу үчүн он миңдеген долларларларды сарпташканын аныктаган. Учурда Google компаниясында кеңири иликтөө жүрүп жатат.

Компания өкүлдөрү бул маалымат боюнча комментарий бере элек.

Өткөн айда Facebook компаниясы АКШнын атайын прокурору Роберт Мюллерге Орусия тараптан каржыланган жарнамалар боюнча маалыматты ачыктаган. Фейсбуктан билдиришкендей, АКШда президенттик шайлоонун кампаниясы жүрүп жаткан маалда социалдык тармактагы орусиялыктар тарабынан каржыланган жарнаманын саны кескин көбөйгөн жана жалган маалымат тараткан 500 фейк аккаунт аныкталган.

АКШда Москванын Америкадагы президенттик шайлоонун жүрүшүнө ыктымал кийлигишүүсү тууралуу бир нече иликтөө жүрүп жатат. Москва чет жактардагы шайлоо процесстерине эч аралашпаганын билдирип келет.

XS
SM
MD
LG