Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:40

Эрдоган: Түркия Крымдын мыйзамсыз аннексияланышын тааныбайт


Режеп Тайип Эрдоган жана Петро Порошенко.
Режеп Тайип Эрдоган жана Петро Порошенко.

Бул тууралуу Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Киевде Украина президенти Петро Порошенко менен жолугушуудан кийин өткөн маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, Түркия Украинанын суверендүүлүгүн жана аймактык бүтүндүгүн колдоону улантат.

Эрдоган жарым аралдагы маселе “кылдаттыкты” талап кыларын айтып, Анкара крымдык татарларга жардам берүүгө аракеттенип жатканын кошумчалады.

Маалымат жыйынында Порошенко Донецк жана Луганск облустарында БУУнун тынчтыкты орнотуу күчтөрүнүн орун алышына Түркия жардам берет деген ишенимин билдирди.

Эрдоган менен Порошенконун Киевдеги жолугушуусу үч саатка созулду. Мамлекет башчылары туризм, энергетика, аскер жана коргонуу тармагындагы кызматташтыкты талкуулашты.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында эки өлкө инвестицияны биргеликте коргоо, кош салык стандартын жоюу маселеси камтылган бир катар келишимдерге кол коюшту. Жакынкы беш жылда Украина менен Түркия товар жүгүртүүнүн көлөмүн 10 миллиард долларга чейин көбөйтүүнү максат кылып жатканы белгилүү болду.

XS
SM
MD
LG