Түркмөнстан президенти Гурбангулы Бердымухаммедов 9-октябрда өткөн Аксакалдар кеңешинин жыйынында электр кубаты, газ, суу жана тузга акырындык менен акы киргизүү керектигин жарыялады. Бул тууралуу жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттары жазып чыгышты.
Түркмөн лидери бул жеңилдиктер мамлекет экономикалык оор абалды башынан өткөргөн маалда киргизилгенин белгиледи. Ал жыл сайын калктын кирешеси жогорулап, жумушчу орундар түзүлүп жаткандыктан, социалдык жеңилдиктерди алып салууга мезгил жетти деп эсептейт.
Жеңилдиктерден баш тартуу тууралуу алгачкы сунуш 2015-жылы Аксакалдар кеңешинин жыйынында айтылган. Кеңештин өкүлдөрүнүн бири жашоо-турмуш жакшырганын, эл газ, суу жана электр кубаты үчүн акы төлөөгө кудурети жетерин билдирген.
2017-жылы июнда президент жеңилдиктер системасын кайра карап чыгууну тапшырып, жардам калктын аялуу катмарына гана көрсөтүлүшү керек деп белгилеген.