Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:05

Саляновага акыркы сөз сүйлөөгө уруксат берилген жок


Ленин райондук сотунда Жогорку Кеңештин депутаты Аида Саляновага өкүм чыгары күтүлүп жатат. Адвокат Улан Жумаковдун Фейсбуктагы баракчасында билдиргени боюнча, сот Кубанычбек Касымбеков айыпталуучу Аида Саляновага акыркы сөз берүүдөн баш тартты. Учурда өкүм чыгаруу үчүн өзүнүн бөлмөсүнө кеткени кабаланууда.
"Азаттыктын" кабарчысы сотко журналисттер киргизилбегенин маалымдады.

Салянованын соту 9-октябрда кечки саат 20.00гө чейин уланган. Судья муну сот процессинин кеч башталганы менен түшүндүргөн.

Мурдагы баш прокурор, Жогорку Кеңештин депутаты Аида Салянова юстиция министринин милдетин аткарып турган кезинде мурдагы президенттин уулу Максим Бакиевдин өнөктөшү Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын мыйзамсыз узарткан деп айыпталууда. Прокуратура Салянованы сегиз жылга эркинен ажыратууну сураган.

Аида Салянова өзү бул ишти саясий куугунтук деп белгилеп келет. (ZKo)

XS
SM
MD
LG